В столичной школе №27 появится музей боевой славы
🔷Борбор калаадагы №27 мектепте аскердик даңк музейи ачылат
Борбор калаанын Биринчи май районундагы №27 орто мектепте Аскердик даңк музейи ачылат.
Райондун башчысы Сарылбек уулу Улан орун басары Айнура Арстамбекова жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев менен биргеликте музейдин уюштуруу иштери менен таанышты.
Музейди түзүүнүн максаты-өткөндөгү баатырдык барактардын тарыхый элесин сактоо, ошондой эле жаш муундарды патриоттук тарбиялоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
Ошентип, музей төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
— Кыргызстандын баатырларынын эрдигинин башаты, менин мекеним Кыргызстан;
— бир эрдиктин баяны: Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги;
— Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырлары — кыргызстандыктар: Кыргызстандын Аскердик Даңкы орденинин толук ээлери;
— курчоого алынган Ленинграддын тургундары;
— согуш жаңырыгы: документтер, согуш жылдарындагы каттар ж.б.;
— Улуу жеңиш;
— эскерүү архиви: менин үй-бүлөмдүн тарыхы.
Белгилей кетсек, муниципалдык администрация тарабынан музейди уюштурууга, стенддерди түзүүгө, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга, сүрөт-панно жасоого, ошондой эле кыргыз баатырларынын жана блокададан аман калгандардын портреттерин даярдоого каражат бөлүндү.
————————————————
🔷В столичной школе №27 появится музей боевой славы
В Первомайском районе столицы в СОШ №27 появится музей боевой славы.
Глава района Сарылбек уулу Улан совместно с заместителем Айнурой Арстамбековой и председателем Совета Ветеранов Маркилом Ибраевым ознакомились с организацией музея.
Целью создания музея является сохранение исторической памяти о героических страницах прошлого, а также способствование патриотическому воспитанию и развитию подрастающего поколения.
Так, музей будет представлен следующими разделами:
— истоки мужества героев-кыргызстанцев, моя родина – Кыргызстан;
— история одного подвига: подвиг Героя Советского Союза Чолпонбая Тулебердиева;
— герои ВОВ-кыргызстанцы: полные кавалеры ордена боевой славы Кыргызстана;
— жители блокадного Ленинграда (КОБЛ);
— эхо войны: документы, письма военных лет и т.д.;
— Великая Победа;
— архивы памяти: моя семейная история.
Отметим, что для организации музея муниципальной администрацией выделены средства на создание стендов, установку бюста Героя Советского Союза Чолпонбая Тулебердиева, изготовление картины-панно, а также на подготовку портретов героев-кыргызстанцев и блокадников.🔷
Комментарии